Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

— Автор

Биографиялык маалымат:

Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. 1726-1931-жж. Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933-1935-жж. Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуйт.

Эмгек жолун 1931-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап,

1935-1941-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, «Советтик адабият жана искусство» журналынын башкы редактору болуп иштеген. Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, «Родина үчүн алга» дивизиялык гезиттин редактору болуп калат.

Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин «Жер алган кедейлерге» аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. 1933-жылы «Эмгек төлү» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн.

1935-жылы жарык көргөн «Алтын кыз» поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн, ал «Семетей» пьесасынын жана Токтогул операсынын либреттосунун автору, «Айчүрөк» жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу.

«Алтын кыз» поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору.

Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

«Ардак белгиси» ордени менен сыйланган.

«Манас» эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат ишсапары учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

  • Алтын кыз. — Ф.: Кыргызмамбас, 1933. — 18 б.
  • Эмгек төлү: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1933. — 25 б.
  • Ак алтын менен кара алтын: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1934. — 40 б.
  • Добулбас: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1935. — 80 б.
  • Алтын кыз: Поэма жана ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1934. — 32 б.
  • Жоомарттын ырлары. — Ф.: Кыргызмамбас, 1936. — 178 б.
  • Алтын кыз: Поэма. — Ф.: Кыргызмамбас, 1938. — 79 б.
  • Комуз: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1938. — 142 б.
  • Айчүрөк: 6 сүрөттүү опера. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 16 б.
  • Алтын кыз. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 58 б.
  • Балдар үчүн ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 23 б.
  • Каргаша. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 31 б.
  • Токтогул. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 50 б.
  • Токтогулдун өмүрү. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 78 б.
  • Ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1939. — 212 б.
  • Айчүрөк: 6 сүрөттүү опера. — Ф.: Кыргызмамбас, 1940. — 16 б.
  • Токтогулдун өмүрү. — Ф.: Кыргызмамбас, 1940. — 80 б.
  • Бүркүт таңшыды. — Ф.: Кыргызмамбас, 1941. — 66 б.
  • Шумкар ыры. — Ф.: Кыргызмамбас, 1942. — 51 б.
  • Ажал менен ар-намыс. — Ф.: Кыргызмамбас, 1943. — 38 б.
  • Кагылайын тууган жер: Ырлар жыйнагы. — Ф.: 1943. — 48 б.
  • Чабуул: Жаңы ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1944. — 32 б.
  • Ырлар жана поэмалар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1946. — 355 б.
  • Чыгармаларынын толук жыйнагы: 2 томдук: 1-т. — Ф.: Кыргызмамбас, 1950. — 343 б.
  • Чыгармалар: 2-т. — Ф.: Кыргызмамбас, 1954. — 272 б.
  • Ажал менен ар-намыс: Поэма. — Ф.: Кыргызмамбас, 1958. — 76 б.
  • Чептен эрдин күчү бек: Ырлар, тамсилдер жана поэмалар. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. — 92 б.
  • Чыгармалар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1960. — 319 б.
  • Өмүр: Ырлар. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. — 136 б.
  • Кыргыздын Ала-Тоосу: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Мектеп, 1958. — 74 б.
  • Тандалган чыгармаларынын 2 томдугу: 1-2-т. — Ф.: Кыргызстан, 1973. — 532 б.
  • Алтын кыз: Драма. — Ф.: Мектеп, 1976. — 48 б.
  • Ажал менен ар-намыс: Поэма. — Ф.: Мектеп, 1979. — 40 б.
  • Тандалмалар: Ырлар жана поэмалар. — Ф.: Кыргызстан, 1980. — 328 б.
  • Торгой менен жагалмай: Тамсилдер. — Ф.: Мектеп, 1983. — 28 б.

Орус тилинде

  • Золотая девушка. — Ф.: Киргизгосиздат, 1936. — 39 с.
  • Комуз: Избранные стихи. — М.: Сов. писатель, 1947. — 95 с.
  • Избранные стихи. — Ф.: Киргизгосиздат, 1955. — 68 с.
  • Избранное: Стихи и поэмы. — Ф.: Киргизгосиздат, 1958. — 319 с.
  • Жаворонок и Ястреб: Басни. — Ф.: Мектеп, 1984. — 32 с.

(Информация с сайта Государственного Фонда интеллектуальной собственности)

Чыгармалары:
  1. Менин ырым: Тандалмалар
     
  2. Котормолору
     
  3. Моя песня: Избранное
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз