Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.
Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).
Багыты: Философия жана илим
1945-жылы 21— мартта Нарын аймагындагы Куланак айылынын Орто-Сырт жайлоосунда туулган. 1963-жылы Куланак орто мектебин бүтүрүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин физика адистигине тапшырган. 1964-1967-жылдардагы армиялык кызматынан кийин университетти 1971-жылы бүтүрүп, адистик эмгегин финансы-экономика техникумунда окутуучулуктан баштаган.Илимий кызыкчылыктарына байланыштуу 1978-жылы политехникалык институттун ЭВМ кафедрасынын илимий кызматкери, окутуучусу, голографиялык илимий лаборатириянын башчысы болуп иштеп, голография илимин өздөштүргөн жана голографиялык илимий лабораторияны уюштуруп-түзүүчүлөрдүн бири болуп кызмат өтөгөн. Голография илимин окуу жайларда окутуудагы жана аны мектептин курсуна киргизүүдөгү илимий иштерине байланыштуу, 2006-жылы ага Кыргыз улуттук аттестация комиссиясы доценттик наам ыйгарган.“Чабыт” социалдык экология кыймылын түзүүчүсү (1995), Кыргызстандын биринчи демократиялык конгрессинин активдүү катышуучусу (1996), президенттин мыйзамсыз кээ бир указдык кадамдарын (актыларын) конституциялык сотко берүүнүн уюштуруучусу (1998), эл агартуунун отличниги (2009), бабалары байыртада мекендеген Хакасия (2007), Алтай (2008) жерлерине атайын барып келгенден улам кыргыз дүйнөтаанымын алгачкы жазып чыгуучусу (2010), Кыргыз республикасынын Улуттук улуу курултайына сунуш этилчү Республиканын өнүгүүсүнүн идеологиялык негизин иштеп чыгуучуларынын бири (2011).
Байланышуу даректери
Тел. моб. +996 (779) 54-78-49
Электрондук почтасы: dberdibek@rambler.ru