Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.
Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).
Багыты: Поэзия, Котормолор, Драматургия
(1932–2010)Жалил Садыков Сары Өзөн Чүйдүн Кичи-Кемин айылында туулган. Орто мектепти ошол айылдан бүткөн. Кабыргасы ката электе кара күч эмгегинин катаал шартына аралашып, колхоздо иштеп «Ак-Түз» комбинатынын шахтасында кен казды. 1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн соң, Кыргыз Министрлер Советинин алдындагы Главлитте, «Кыргызстан пионери» гезитинде эмгектенген, 1959-1963-жылдары Нарын облусу боюнча, 1981-1985-жылдары Ысык-Көл облусу боюнча Кыргызстан Жазуучулар союзунун кеңешчиси болуп иштеп турганда жаш таланттарды табууга, тарбиялоого көп күч-аракетин жумшады. 1964-жылдан «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, кийин жооптуу катчылык кызматтарда иштеп, 1967-жылдан «Жаш ленинчи» журналын жетектеди. 1980-жылдары Кыргыз ССР маданият министрлигинин репертуардык-редакция коллегиясынын баш редактору, 1988-1992-жылдары «Кыргыз маданияты» гезитинин баш редактору болуп иштеди. «Кыргыз маданиятынын» жаңы денгээлге жетиши, коомдук атак-аброюнун өсүшү Жалил Садыков жетектеген жылдарга таандык. Дал ошол мезгилде гезиттин массалуулугу окурмандар арасында артып, аброю көтөрүлдү.Жалил Садыков 1991-жылы Кыргыз Республика ишкерлеринин улуттук казына башкармасынын төрагасы болуп иштеди. Жалил Садыков 1950-жылдын башында кыргыз адабиятына өз үнү, өз ыргагы бар таланттуу акын катары аралашты. Айталы, акындын «Убада» аттуу алгачкы ыр жыйнагы кыргыз поэзиясынын опол өрнөктүү салтын улаган, ага орошон табылга кошкон жыйнак катары адабий коомчулуктун көңүлүн бурган. Бүгүнкү күндө Жалил Садыков жыйрмадан ашуун поэтикалык жыйнактын автору. Акындын көңүл термеген лирикаларынан эки сап ырын билбеген кыргыз аз чыгар. Ой менен сезимге ширелген ырлары обончулардын жүрөгүнө от берип, жүздөн ашуун ырына обон чыгарылып, түркүн-түс сахналарда, радио-теледе ырдалып келет. Акындын «Топ жылдыздар» сыяктуу ырлар жыйнагы, «Калча» сыяктуу поэмалары кыргыз поэзиясынын калдайган канатына, кемибес деңизине айланды.Кыргыз театр өнөрүнүн кийнки мезгилде өсүп-өнүгүшүнө, жетишкен ийгиликтерине Жалил Садыковдун кошкон салымы, өтөгөн эмгеги зор. Өзгөчө «Манас» эпосунун нугунда жазылган «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек» (1987), «Айкөл Манас» (1990) үчилтиги Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында зор ийгилик менен коюлуп, эпикалык драмаларды жаратууда таасын талант экенин далилдеди. «Манастын уулу Семетей» эпикалык драмасы үчүн Ж.Садыковго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыгы ыйгарылды. Кыргыз театрларында ийгилик менен коюлган анын дагы да ондогон драмалары бар. Атап айтканда, «Эр Төштүктүн баяны», «Ак Мөөр», «Жукеев-Пудовкин», «Терең кечүү» ж.б. драмалары театр ышкыбоздорунун көңүлүнөн түнөк таап, нечен жылдардан бери театр репертуарынан түшпөй келет. Мындан тышкары куурчак театры үчүн жазылган көптөгөн пьесалары куурчак театрында коюлуп, чет мамлекеттерге барып бир нече сыйлыктарга ээ болуп келген. Алар «Жаңыл Мырза», «Эр Төштүк», «Азамат», «Ач көз жана Боорукер» ж.б. Анын пьесалары «Пьесалар» (1976), «Манастын уулу Семетей» (1982) деген ат менен жыйнак болуп чыгып, кыргыз драматургиясындагы, деги эле кыргыз адабиятындагы олуттуу окуя катары бааланган.Кезегинде Ж.Садыковдун ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдердин тилдерине которулган. Драмалык чыгармалары чет өлкөнүн шаарларында: Алматыда, Уфада, Москвада, Анкарада ийгиликтүү коюлду.Кийинки жылдарда республикабыздын опера, балет театрында коюлуп жүргөн «Курманбек» операсынын либреттосу, Кыргыз мамлекеттик Улуттук академиялык драма театрында коюлуп жүргөн «Адам жана Азезил», «Өмүр жана өкүнүч» (Шабдан баатыр), «Ормонхан» аттуу тарыхый драмалар да Ж.Садыковдун калемине таандык.Ж. Садыков кыргыз котормо өнөрүндө да таланттуу котормочу. Ал которгон чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын «Рубаилери» кайра-кайра массалык тираж менен басылып, китеп дүкөндөрүнө түшүп-түшпөй кыргыз элинин кыйырына тарады. Бул – кыргыз котормо китептеринин тарых-таржымалындагы өтө бир сейрек көрүнүш. Ошо кыргызчаланган «Рубаидеги» айрым ыр түрмөктөрүнө обон чыгарылып, эл озунан түшпөй ырдалып жүрөт.Жалил Садыковдун котормочулук кудуретинин аркасы менен Расул Гамзатовдун, Кайсын Кулиевдин, А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун чыгармалары кыргыз тилинде өмүр сүрүп жатканы окурмандарга маалым. Боордош казак акындарынын ырларын кыргыз тилине которуудагы зор салымы үчүн казак элчиси ага «Алтын көпүрө» эл аралык сыйлыгын ыйгарса, «Руханият» ассоциациясы эл аралык Руханият сыйлыгын ыйгарган. Кыргыз адабиятына, көркөм өнөрүнө Жалил Садыковдун кошкон салымы жогору бааланып, «Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз эл акыны», «Экинчи даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.Өмүрүнүн акыркы жылдарында жазган «Мен арызданам» (2009) трагикомедиясы Нарын музыкалуу драма театрында ийгиликтүү коюлду.
Жалил Садыковдун чыгармалары жөнүндө маалыматтар
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде
Орус тилинде
Котормолору
Драмалары
Театрларга коюлган спектаклдери
Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры
Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалуу драма театры
Кыргыз мамлекеттик М. Жангазиев атындагы куурчак театры