Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Талантбек Шарипович МОҢОЛБАЕВ

— Автор

Багыты: Поэзия, Публицистика

Биографиялык маалымат:

Акын, сатирик-памфлетист, Кыргыз Улуттук Жазуучулар кошунунун мүчөсү.

Моңолбаев Талантбек Шарипович 1961-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Улуту-кыргыз. 1985-жылы Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин журналистика факультетин бүтүргөн.

1985-жылы Кыргыз Телеграфтык агенттигинин (КирТАГ-ТАСС) кабарчысы, 1986-2009-жылдары Ош облустук «Ош жаңырыгы» газетасында кабарчы, бөлүм башчы, башкы редактордун биринчи орун басары, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын басма-сөз кызматынын жетекчиси, облустук «Ош жаңырыгы» газетасынын башкы редактору, Ош облусунун туризм жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун басма сөз-катчысы, Ош шаардык «Ош шамы» газетасынын башкы редактору, көз карандысыз «Эл маселеси» (түштүк аймактагы облустар аралык) газетасынын башкы редактору кызматтарында иштеген.

2010-жылдын август айынан бери Ош облустук «Ош жаңырыгы» газетасынын башкы редактору кызматында иштеп келатат.

1996-2004-жылдары Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы «Капчыгай» айылдык Кеңешинин жана Ош шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

«Манас-1000», «Ош-3000», «За заслуги» медалдары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын, депутаттардын Ош облустук жана Ош шаардык Кеңештеринин, Ош шаарынын мэриясынын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган. Көптөгөн чыгармачыл сынактардын жеңүүчүсү.

Борбордук Азия боюнча массалык маалымдоо каражаттарынын аймактык башкы редакторлорунун арасындагы конкурстун жеңүүчүсү катары Швеция мамлекетиндеги медиа-менеджмент боюнча семинарга, Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү газеталардын башкы редакторлорунун Украинанын борбору Киев шаарында өткөрүлгөн 2010 медиа-форумга катышкан.

Кыргыз Улуттук Жазуучулар кошунунун, ошондой эле Кыргызстан жана СССР журналисттеринин кошундарынын мүчөсү, акын, сатирик-памфлетист, «Дил балкым» ырлар, саясий тамсил-памфлеттер жыйнагынын автору, кыргыз, орус жана өзбек тилдерин билет.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕБИ

Кыргыз тилинде

  • Дил балкым: Ырлар, саясый тамсил-памфлеттер. – Ош обл басмаканасы, 2009-180 б.
  • Калем саптагы шишкебек, саясый тамсил-памфлеттер, Ош обл басмаканасы, 2012, 114 б.
  • Ырлар, саясый тамсил-памфлеттер, «Кыргыз Туусу», 2011, август.
  • Саясый тамсил-памфлеттер, «Эркин Тоо», 2011, сентябрь.
  • Саясый тамсил-памфлеттер, «Ош жаңырыгы», 2010, 2011-жж.
  • Ырлар, аңгемелер, саясый тамсил-памфлеттер, публицистикалар, сатиралар, юморлор, «Эл маселеси», 2009-2011-жж.
  • Ырлар, аңгемелер саясый тамсил-памфлеттер, сатиралар, юморлор, публицистикалар, «Ош шамы» 2000-2010-жж.
  • Ырлар, аңгемелер, саясый тамсил-памфлеттер, публицистикалар, «Жаңы муун», 2006-ж.
Чыгармалары:
  1. Калем саптагы шишкебек
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз