Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Бексултан ЖАКИЕВ

— Автор

Багыты: Художественная проза

Биографиялык маалымат:

Кыргыз эл жазуучусу, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Бексултан Жакиев 1936-жылы Ыссык – Көл облусунун, Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Драматург, прозаик, Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз Республикасынын искусствосунун эмгек сиңирген ишмери (1974). Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1989). КМУнун филология факультетин (1958), Москвадагы жогорку сценарийлик курсун (1962) бүтүргөн.

Б.Жакиев 1959-жылы мыкты пьесалардын республикалык конкурсунда баш байгени алган «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен таанылган.

2000–2003-жж. Б.Жакиев даярдаган Долбоордун негизинде манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрлөр ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл адамзат оозеки мурасынын шедеври деп жарыяланып, колдоого алынды.

Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына «Баскан жол» (1974), Муратбек Рыскуловдун 70 жылдыгына «Урматтап Муке дечү элек» (1988), Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгына «Адам аты», "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына Таластагы (1995), Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына «Улуу түндүк» ж.б. театрлаштырылган адабий сценарийлерди жазган.

1966-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү.

1974-жылы «Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер». 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген ардак наамдар берилген.

1989-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы, 1994-жылы Казакстандын Т.Айтбергенов атындагы эл аралык, 1996-жылы Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктары ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги (1996) жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору. 1972-жылы Украин ССРинин ЖСнын Президиумунун Ардак грамотасы жана медалы, 2004-жылы III даражадагы Манас ордени жана «Даңк» (1997), «Астана» (1999) медалдары, Саха (Якутия) Республикасынын Өкмөтүнүн грамотасы (2006) менен сыйланган.

Чыгармалары:
  1. Манас
     
  2. Манас
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз