Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Абдил-Ахат КУРБАНОВ

— Автор

Багыты: Көркөм кара сөз

Биографиялык маалымат:

Тажикстандын Жерге-Тал районунда 1955-жылы туулган. Учурда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы «Эл Жарчысы/Элдик Трибуна» гезитинде эмгектенет.

 

Кыскача өмүр таржымакалы

1955-жылы ал кездеги Тажик ССРинин Гарм облусунун Жерге-Тал районундагы Жаңы-Шаар кыштагында багбандын үй-бүлөсүндө туулган.

1972-жылы Жерге-Тал районунун Кашка-Терек айылындагы Гоголь атындагы (азыркы Бакир Жумаев ат.) №5-кыргыз орто мектебин бүтүргөн.

Ал Бишкек шаарындагы (мурдагы Фрунзедеги) Кыргыз Улуттук университетинде журналистика факултетин аяктаган.

 

Иштеген кызматтары

Жерге-Тал райондук “Кара-Тегин” газетасынын редакциясында адабий кызматкерден баштап редактордун орун басары кызматтарына чейин иштеген. Бул гезит 1934-жылдын 7-ноябрь күнү кыргыз тилинде “Ленин жолу” деген аталышта жарык көргөн. Аталган гезиттин аты 1961-жылы “Коммунист”, 1991-жылы “Кара-Тегин”, 2013-жылдан “Паёми Жергатол” (“Жерге-Тал кабарлары”) деп өзгөргөн. Тажикстан КП Жерге-Тал райондук комитетинин инструктору.

1983-жылы СССР Журналисттер Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1986-жылы Тажикстан Журналисттер Союзунун 5-съездинде республиканын Журналисттер Союзунун башкармалыгынын мүчөсү болуп шайланган.

1992-жылдан Тажикстан Журналисттер Союзунун мүчөсү.

1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер Союзунун мүчөсү.

1996-жылы Кыргызстанга көчүп келген.

Азыр Кыргызстандагы Чүй облусуна караштуу Сокулук шаарчасында «Эл Жарчысы/Элдик Трибуна» гезитинин редакиясынын кызматкери.

 

Чыгармачылык дүйнөсү

М.Турсунзаденин “Ширинжаным”, “Азиянын авазы” поэмаларын, тажик жазуучулары Ф.Мухаммадиев, П.Толис, Б.Гани, А.Самадов ж.б. сыяктуу жазуучулардын аңгеме-повесттерин, фарсы-тажик адабиятынын классиктери О.Хайёмдун, Саадинин, Жаминин ж.б. бир катар рубаилерин, китъаларын, ырларын кыргыз тилине которгон.

“Өрүк көчөтү”, “Эне керээзи”, “Асан-Үсөн”, “Пахтачы келин жана паксачы жигит”, “Махам”, “Бала”, “Тоолор баарын билет” ж.б.у.с. сыяктуу аңгемелери, “Жердешиң болом, садагасы”, “Говорят закон чыгыптыр” аттуу сатиралык аңгемелери, бир катар тарыхый-этнографиялык очерктер жана ырлары басма сөз беттеринен жарык көргөн.

“Эр Манасты ак бешикке бөлөгөн Саадини да ошол эне төрөгөн” аттуу поэмасы менен “Исхак казы баяны” аттуу документалдуу повести, Кара-Тегин кыргыздарынын оозунан жазып алынган “Токтожан”, “Гожомжаш”, “Кыз Мактым”, “Аксаткын менен Кулмырза” дастандары, көптөгөн элдик, ашыглык, санат-насыят ырлары, өлөңдөр, кошоктор, макал-лакаптар, табышмактар, масалдар менен тимсалдар басууга даярдап коюлган.

Тажикстандык кыргыздардын үрп-адат, салт-санаа, расим-ражаларына, эл-жер тарыхына байланыштуу бир катар макалалары жарык көргөн.

 

Сыйлыктары. Наамдары

1984-жылы Тажикстан Журналисттер Союзунун, Тажик ССР басма сөз, полиграфия жана китеп соодасы министрлигинин Ардак грамоталары, 1994-жылы Тажик Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014-жылы Эл аралык ТҮРКСОЙ, Түрк элдеринин “Евразия” жазуучулар биримдиги “Жаңы Ала-Тоо” журналы менен бирдикте өткөрүп, Түркиянын премьер-министри каржылаган жылдын мыкты аңгемеси үчүн жарыяланган Махмуд Кашгари атындагы “Арча” адабий сынагына “Анар” деп аталган агемеси менен катышып экинчи орунду ээлеп, диплом, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланган.

 

Үй-бүлөсү

Аялы Курбанова Махфиза Кудратовна, 1957-жылы туулган, Баатыр-эне. Кесиби боюнча ашпозчу.

Балдары Абдулвохид, Айсалкын, Толгонай, Манасбек, Каныбек, Жаныбек, Чолпонай, Бакытбек жана Нурланбек аттуу тогуз уул-кыздын атасы, 13 небереси бар.

 

Колдонулган адабият

Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)

Автордун жазганы боюнча

 

Интернеттеги шилтемелер

http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_literature_aitmatov/25187415.html

https://ky.wikipedia.org/wiki/Курбанов%2c_Абдил-Ахат

 

Электрондук почтасыjanyl_j@hotmail.com

Чыгармалары:
  1. Анар
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз