Чиналиев Улукбек Кожомжарович (1946-ж.т.) — саясат таануу илимдеринин доктору (2004), профессор.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ленин-Жол айылыпда төрөлгөн.
1971-ж. Н.Бауман атындагы Москва жогорку техникалык училищесин аяктаган.
1985-ж. Алма-Ата Жогорку партия мектебин бүтүргөн.
Эл аралык академиянын мүчөсү (Калифорния, АКШ).
1971-1981-жж. студенттик куруучулар отрядынын республикалык штабынын комиссары, Кыргызстан ЛКСМ БКнын бөлүм башчысы, Кыргызстан ЛКСМ Фрунзе горкомунун катчысы.
1981—1983-жж. Кыргызстан Компартиясынын БКнын инспектору.
1983-1985-жж. Кыргызстан Компартиясынын Балыкчы горкомунун 1-катчысы.
1985-1991-жж. Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе горкомунун 1-катчысы.
1991—1993-жж. КРнын Украинадагы Толук ыйгарымдуу өкүлү болгон.
1998-2001-жж. КРнын улуттук коопсуздук кызматында министрдин орун басары.
2001-2006-жж. КРнын Өзбекстандагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси.
2006-2010-жж. «Тоо-Таш» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы.
2010-ж. КРнын Россия Федерациясындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси.
Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчи дипломатиялык даражасына ээ.
Кырг. ССРнин Жогорку Кеңешинин 2 жолку чакырылышындагы депутаты, КПССтин XXVII жана XXVIII съезддеринин, КПССтин XIX партконференциясынын делегаты. «Кыргызстан и Украина: общее и особенное в развитии политических структур» (1997), «Реализация принципа разделения властей в современном Кыргызстане» (1998), «Политические партии Кыргызстана» (1999), «Становление кыргызской государственности в переходный период» (2000), «Особенности формирования гражданского общества в Кыргызской Республике» (2001), «Кыргызстан на пути к демократии: трансформация политической системы» (2004) аттуу монографиялардын автору.
Кырг. ССРнин «Ардак белгиси» ордени, медалдар жана грамоталары менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8
/Википедия/