Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Адабий конкурстар
© Токтоназарова А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2009-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу, «Социалдык интеграция борбору» коомдук бирикмеси (КБ) жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-июну

Адашкул ТОКТОНАЗАРОВА

Өкүнүч

Аңгеме 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Калыстар тобу тарабынан белгиленген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды.

УДК 82/831
    ББК 84(2) 7
    М 73
    ISBN 978-9967-25-482-4 
    М 4702000000-09

Нускасы 500

 

Чык.. Чык.., сааттын жүрүшү гана угулган тар бөлмөдө кулак мурун кескендей тынчтык. Эшикте жаз келип, күн жылуу экенине карабай, бөлмө ичи караңгы, кандайдыр бир дары – дармектин жыты менен аралашкан жагымсыз жыт жыттанат.

Башына бийик кабатталган жаздык коюлган төшөктө, өңү керсары, чачтары иретсиз уйпаланган Айкын үйдүн шыбын тиктеп дал болуп жатат. Анын ушул бөлмөдө жатканына бир жылдын жүзү болду. Бир күндө эки үч жолу тигил кошунасынын келини, сообу тийсин дейби, айтор, келип,эптеп жөөлөп дааратканага алып чыгып, тамагын берип кетет. Андан башка кабар алган деле киши жок. Айылдагылар бул үйдө адам жашаарын эчак унутуп калышкандай.

Анда-санда, эки-үч күндө коңшу айылда жашаган эжем көтөрүнчөгүн көтөрүп келип кетчү эле. Анын келбегенине дагы төрт күн болуп калды. Эмне болду? А мүмкүн ал деле жадагандыр. Ал эми эркек бир туугандары өзүлөрүнүн оокаттары менен алек. Анан, алардын колунан эмне келмек эле, ушундай оокат кылуу кыйын болуп турган заманда өзүлөрү араң жан багып жатышат.

— Өөх, атаңдын көрүү! — деп Айкын оор үшкүрүндү. Өкүнүч өзөгүн өрт кылды го чиркин.

Эх, ойлор, ай, ойлор. Адамды кандай кез болсо дагы куткарбайт экенсиң го. Оо, өткөн күндөр ай, бир келген жаз сымал адамды жыргатып, ыразатыңы бөлөп, анын куйругуңду карматпай, изиңди жүрөккө эң кылып басып туруп алда кайда сызат экенсиң го.

Оо ал күндөр… Жаш чагы, Айкын ата-энесинин көкүрөк күчүгү болуп өтө эрке чоңойду. Кием дегенинин кийип, ичем дегенин ичти. Анан калса өзү да укмуштуудай сулуу бой тартты дейсиң. Тармал чачтары кундуздай кубулуп, карагаттай көздөрү каухардай жалтырап, шыңга мүчөсү, аккуудай моюну, деги койчу, кимдин гана жүрөгүн арбабады дейсиң. Ошентип, убакыт өтүп, мектепти аяктап шаарга окууга келди . Жаңы таанышуу, суналган шаардык жигиттер, кечки Бишкек. Баары сонун баары ойдогудай. Жигиттер аккуудай Айкынга көз артпай коймок беле? Биринен бири өтүп гүл арнашып, биринен бири өтүп сөз айтышып, биринен бири өтүп жандай басышат. Айкын бул бакытына мас, ал баарынан бактылуу, өзүн көктөгү жылдыз сезип баратты. Ошентип, далай күн өттү. Күндө майрам, күндө той болуп жүрүп окуганына бир жыл айланбай окуудан да чыкты. «Эмне, бак айтса болду, дипломду сатып алам» — деп өзүн өзү алдап, өзүн-өзү жоошутуп. Айкын эми иш издеп, иштөөгө умтулду. Ошол убакта өзү менен кошо ойноп – күлүп жүргөн Надира бир жумушка кирүүнү сунуш кылды . Ал тапкан жумуш түнкү клубда иштөө эле.

Ооба, ага да иштеди. Эми Айкынга тап-такыр мурункудан да рахаттуу, мурункудан да кызыктуу күндөр башталды. Түнү менен клубда жинди улакча бийлемей, күндүзү уктамай. Оңой оокат, оңой акча.

Ошентип, бул жашоонун кантип өтүп жатканын байкабастан эки жыл өттү. Айылдан апасы кат артынан кат жөнөтүп жатты. Бирок, жооп болгон жок. Бир күнү квартирасында уктап жатса, апасы келип калды Сурамжылап жүрүп, акыры тапкан экен. Айкын ошондогу апасынын жүзүн элестетти.

Өңү азган, чачтарын ак боз чалып, көзү чүңүрөйүп, айылдын оор түйшүгү менен кошо, кызынын кайгысын тартып кыйналып жүргөн окшобойбу. Ошондо эне кызын жалооруй карап,

— Кызым, айланып кетейин, эмне болгон сага кокуй! Кайсы кара теке сүздү сени, бул эмне деген жашоо? Айылдан жаман ушак угуп, чыдай албай эптеп таап келдим. Атаң экөөбүз сен жөнүндө сөздөн көчөгө басалбай калдык-десе, Айкын чоочумуш этип,

— Ээ, койчу апа, эл айта берет да, жакшы эле жүрөм. Иштеп жатам. Эмне болуптур? Менин жумушум болгону кечкисин. Кейибечи апа, жакшы эле жумуш. Атама айтып бар, жакшы эле жүрөт деп.

 

© Токтоназарова А., 2009. Бардык укуктар корголгон

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 1928