Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Адабий конкурстар
© Булышева О., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма 2009-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) «Алтын Орундук» адабий клубу, «Социалдык интеграция борбору» коомдук бирикмеси (КБ) жана «Кыргызстандын жаңы адабияты» электрондук китепканасы тарабынан уюштурулган конкурска сунушталган.
Конкурстун шарттарына жараша уюштуруу комитетинин уруксаты менен жарыяланууда.
Соода-сатык максатында чыгарманы же анын үзүндүлөрүн нускалоо жана жарыялоого тыюу салынат.
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-июну

Ольга БУЛЫШЕВА

Адамдар ааламынын арасындагы адам

Макала 2009-жылы уюштурулган Кыргызстан жаштарынын адабий чыгармачылыгы конкурсуна сунушталган. Мыкты чыгармалардын жыйнагына киргизилген

Много языков – один мир. Адабий алманах. – Бишкек: 2009. – 184 б. китеби боюнча жарыяланды

УДК 82/831
    ББК 84(2) 7
    М 73
    ISBN 978-9967-25-482-4 
    М 4702000000-09 

Нускасы 500


 

Биз, азыркы муундун өкүлдөрү, бири бирине окшобогон жана ар түрдүү адамдар көп дүйнөдө жашап жатабыз. Алардын ар бири өзүнүн өз алдынчалуулугу жана кайталангыстыгы менен өзгөчө сымбаттуу болуп көрүнүп турушат. “Жаман улут жок, жаман адамдар бар” деген макалды эстеп көрүңүзчү. Мен ага кошула албайм. Жаман улут да жок, жаман адамдар да жок. Биздин көпчүлүгүбүз жеңип чыга албай турган кырдаалдар гана бар. Ошону билбегендиктен гана анын туура чечилишин таба албаган, тигил же бул кырдаалдагы өзүнүн жүрүш – туруш эрежесин конструктивдүү баалай албаган адамдар болот. Бирок адам көп кырдуу маданиятка тарбиялоо боюнча семинарларда толеранттуулук чөйрөгө сүңгүп кирип кете алган соң башка адам менен башка улуттун маанилүү экендигин түшүнгөн кийин бул тоңуп турган муз да ордунан козголуп, мүмкүн ошондо чечилбей жаткан маселелер жана проблемалар чечилип калат. 

Интеллигенциянын маанилүү катмары катары мугалимдер толерантуулук жана чыдамкайлык темасындагы семинарларды, аңгемелешүүлөрдү, ата-энелердин чогулуштарын, класстан тышкары иш чараларды өткөрүү вазийпасын биринчилерден болуп өздөрүнө алышса болот эле. Көп кырдуу маданиятка тарбиялоо боюнча семинарлар ушул учурда абдан актуалдуу, анткени чыр чатактуу кырдаалдар болбогон жерден эле чыга калышы мүмкүн. Мындай чатактар өзүнө пайдалуу болгон адамдар мындай учурда улутчулдук жөнүндө айта башташат. Педагогдордун милдети, жок дегенде өзүнүн класстарында жана мектептеринде ошондой көп кырдуу маданият боюнча кабарсыз, тарбиясыз адамдарга жол бербей коюу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бир проблема азаят, жаман улут да, жаман адамдар да болбой калат. 

Мен класс жетекчи катары “Менин үй-бүлөм”аттуу ата-энелердин чогулушун өткөрдүм. Максатым үй-бүлөлөрдүн бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жана жөндомдөрүн, алардын үйүндөгү милдеттерин, аларды кандай аткара тургандыктарын билип алуу болгон. Мен күн мурунтан даярдалып коюлган “Менин үй – бүлөм” аттуу балдарга арналган эсселерди ата-энелерге таратып бердим. Алар өздорүнүн балдары үй-бүлөсүн салт-саналарын урматтай тургандыктарын, ата-энелердин балдары жөнүндө кам көрүүсүн биле тургандыктарын, алар үчүн үй-бүлө эң кымбаттуу экендигин, аларга эне менен ата бирдей керектигин, өздөрү ата-энелерине окшош болууну каалаганын, ата-энелери менен сыймыктана тургандыктарын билишкенден кийин күтүлбөгөн бул кубанычка жетине албай жатканын жашырышкан жок. Айрым энелердин коздөрүнө жаш келе түштү. Чын эле ага олуттуу себеп бар эле... 

Эми мен дагы эмнени кошуп айтмак элем? Бир гана мектеп да жалпыбыздын үй-бүлөбүз болуп, бардык адамдар бир тууган экенин кошумчалай алдым. Ата-энелер талаш-тартышка катуу киришип кетишип, балдарды тарбиялоо жөнүндөгү суроолорго жооп берип жатышты. Мен болсо айрым жерлерин тактап, планета да чоң, көп улуттуу үй-бүлө экендигин, анын үстүндө сен жана мен сыяктуу эле адамдар жаткандыгын эске салып гана койдум. 

Мына ошентип таңууланбаган аңгемелешүү түрүндө ар бир катышуучуга мен көп кырдуу маданиятка тарбиялоо идеясын жеткирүүгө аракеттендим. Мен толук ишенем: эгерде ар бир адам ушул чоң ишке өзүнүн кичинекей болсо да салымын кошсо, адамдар ааламында бир топ жагымдуу жана адамгерчиликтүү болмок.

 

© Булышева О., 2009. Бардык укуктар корголгон

Адабий алманахты толугу менен көчүрүү

 


Количество просмотров: 2124