Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Атантай АКБАРОВ

— Автор

Багыты: Поэзия

Биографиялык маалымат:

Кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал таланттуу акын, публицист жана обончу Атантай Акбаров 1960-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылында туулган. 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган. 1983–1989-жылдары Ош мамлекеттик тарыхый-крайлык музейинде экскурсовод, Чаткал райондук «Чаткал оттору» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орунбасары, 1989–2000-жылдары «Адабият» басмасында редактор, «Бишкек шамы», «Асаба», «Нуска» гезиттеринде кабарчы, «Ак бата», «Аалам» гезиттеринде редактордун орунбасары, баяндамачы, „Ак калпак“ гезитинде редактор, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук акимчилигинде мамлекеттик кызматкер, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында редактор болуп иштеген.

2001-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Редакция-басма бөлүмүндө консультант, улук консультант, 2011-жылдан бери Котормо жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенип келе жатат.

А.Акбаров студент кезинде эле жаш акын катары оозго алынып, ырлары адабий альманахтарга жарыяланып, «Студент жазы», «Токтогул поэзиясы» фестивалдарынын лауреаты болгон. 1990-жылы «Адабият» басмасынан жарык көргөн «Аргымак» аттуу тунгуч ырлар жана поэмалар жыйнагы менен таланттуу акын катары таанылып, адабият билермандырынын чоң колдоосуна ээ болгон жана 1991-жылы «Алыкулдун ак боз ат» поэзия фестивалынын жеңүүчүсү болууга арзыган. Акындын 1999-жылы жарык көргөн «Кудайдын ыры» аттуу жыйнагына Алыкул Осмонов жана Молдо Нияз атындагы адабий-республикалык сыйлыктар ыйгарылган. Анын ырлары кыргыз поэзиясынын жана түрк поэзиясынын антологияларына, мектептин окуу программасына киргизилген. Ал 2008-жылы Түркияда өткөрүлгөн түрк тилдүү жазуучулардын курултайына катышкан жана Жалалиддин Руми атындагы фестивалдык сыйлыкка арзыган. 2008-жылы «Тирүү мекен» аттуу бир томдук жыйнагы жарык көрүп, анын ырлары орус, англис, украин, түрк, казак, өзбек ж.б. тилдерге которулуп, КМШ өлкөлөрүндөгү „Литературная газета“ баш болгон бир катар басма сөз беттерине жана альманахтарга жарыяланган.

Акын 1987-жылдан бери Кыргызстан журналисттер бирлигинин жана 1993-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

А.Акбаровдун сөзү да, обону да өзүнө таандык «Өзүңдү сүйдүм», «Өмүр керемет», «Гүлбурак», «Гүлкайыр», „Мүрөк кыз“, „Кыргызстан“, „Аруузат“, „Сүйүү гимни“, „Энекем“, „Кусалуу жүрөк“, „Перизат“, „Жашоонун өзү керемет“ ж.б. обондору элге кеңири тараган. Анын «Өзүңдү сүйдүм» аттуу ыры кезинде казак, өзбек, азербайжан жана түрк өнөрпоздору жана кытайлык кыргыздар тарабынан байма-бай аткарылып, кеңири аймакка белгилүү болгон.

А.Акбаровдун публицист катары да коомчулукта татыктуу орду бар. Ал эми ал саясат изилдөөчү катары жазган „Улуттук идеология жана мамлекеттүүлүк“ аттуу эмгеги окурмандардын кеңири колдоосуна арзыган.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган.

Кыргызстан Улуттук Жазуучулар бирлигинин Президиумунун мүчөсү жана пленумунун бюро мүчөсү. Алыкул Осмонов сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү.

Чыгармалары:
  1. Письма Богу
     
  2. Все пророки поэтами были…
     
  3. Тиррүү мекен
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз