Рысбаев Сулайман — балдар жазуучусу жана педагог. Ош шаарында 1956-жылы туулган. 1973-жылы Токтогул районундагы «Бирлик» орто мектебин аяктап, 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1987-жылга чейин Аламүдүн жана Токтогул райондорунун айылдык мектептеринде кыргыз тили, адабияты мугалими болуп иштеген. 1987-жылдан бери Кыргыз билим берүү академиясында улук илимий кызматкер, 1989-жылдан тартып сектор башчысы, 1992-жылдан тартып кыргыз тили, адабияты бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе атат.
1995-жылы педагогика илимдеринин кандидаты, 2000-жылы доцент, 2005-жылдан тартып кыргыз тили, адабияты кафедрасында профессордун милдетин аткаруучу, 2006-жылы педагогика илимдеринин доктору илимий даражасын коргогон.
1992-жылдан бери анын авторлугунда жазылган 9 окуу китеби мектепте негизги окуу китеп катары окутулуп, аңгеме-жомоктордон турган 9 көркөм жыйнагы балдар бакчасынын окуу куралына, класстан тышкаркы окуу китебине айланган.
Бир нече автордук жомоктору жана аңгемелери өзбек тилине которулуп, Өзбек-стандын балдар басылмаларында жарыяланган.
Республикалык өспүрүм жаштарынын «Кырчын» жана бөбөктөрдүн «Байчечекей» журналдарынын, «Кыргыз тили» гезитинин редколлегияларынын мүчөсү.
9 монографиянын, 2 концепциянын, 2 мамлекеттик стандарттын, 11 окуу программаларынын, эне тилин жана адеп сабагын окутуу боюнча 3 методикалык көрсөтмөнүн, кыргыз жана орус мектептери үчүн 6 окуу хрестоматиясынын, 7 методикалык адабияттын, 18 кошумча окуу колдонмолорунун жана мугалимдер үчүн 11 методикалык жана кошумча адабияттардын, «Чыпалак бала» диафильминин автору. Ошондой эле «Кыргыз балдар адабиятынын антологиясынын» түзүүчүлөрдүн бири.
2000-жылы Тоголок Молдо атындагы сыйлыгы ыйгарылган.
2002-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулар Кеңешинин чечимине ылайык кыргыз педагогика илиминдеги ийгиликтери жана «Алиппе» окуу комплекси үчүн кыргыздын тунгуч агартуучусу, алгачкы «Алиппенин» автору И.Арабаев атындагы сыйлыктын ээси болгон.
2002-жылы Эл аралык «Түгөлбай ата» коомунун «Манас атанын урпактары» ат-туу эстелик медалы, 2004-жылы «Көк Асаба» диплому менен сыйланган.
1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги» төш белгисин алган.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгисин алган.
2008-жылы Москвада өткөн «Библиобраз-87» фестивалынын лауреаты болуп, 2008-жылы Москва шаарындагы Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиктигине шайланган.
1989-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
https://ky.wikipedia.org/wiki/Рысбаев_Сулайман