Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 21 ноябрь 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Алик АКИМАЛИЕВ

— Автор

Биографиялык маалымат:

(1956-2011)

Кыргыз Республикасынын Жазуучулар, Журналисттер союзунун Текшерүү Комиссиясынын мүчөсү. Таанымал акын, журналист. «Ханбазар tаims» газетасынын башкы редактору.

1957-жылы 19-ноябрда Кетментөбөнүн Акчий-Карасуу айылында туулган. Атасы Акималы Сырдыбаев, кыргыз тил, адабият, география мугалими, 40 жыл Эл агартуусуна эмгек сиңирген. Апасы Субанова Болдукыз коммунист, звьеневой — "Баатыр Эне", кадырлуу эс алуудагы ак байбиче.

1964-жылы Каракөлдөгү Асмакөпүрө, Чкалов, Ж. Бөкөнбаев мектептеринде окуп, 1976-78-жылы Грузияда ПВОдо аскерде, 1985 КМУну аяктаган.

1982-жылы «Баламышык», 1989-жылы «Күнөстүү элет» поэтикалык китептери «Мектеп»,«Адабият» басмасынан жарык көрүп, 1992-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына талапкерликке көрсөтүлгөн.

Алгачкы ырлары 1974-жылдан баштап Токтогул райондук «Учкун», республикалык «Кыргызстан пионери», «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» — «Жаш ленинчи», «Алатоо» журналдарына жана «Жалын», «Бир кеменин үстүндө» альманахтарына жарыяланган.

Бүткүл союздук XIV поэзия фестивалынын лауреаты. Дал шол кезде чыгармачылыгы СССР Жазуучулар бирлигинин жаштар секциясынын башчысы Ю. Ефремов, москвалык орус адабият билермандары жана Олжас Сулейманов, Мухтар Шаханов тарабынан жогору бааланган.

19 жыл катар Түп райондук «Коммунисттик эмгек» редакциясынан баштап, «Кыргыз Туусу», «Кыргыз адабияты», «Адабий Алатоо», «Адабий гезит» радио¬теле жана «Бишкек таймс» сыяктуу бүт республикалык пресса менен кызматташьп келүүдө.

1988-1995-жылдары Токтогул Сатылганов, Жоомарт Бөкөнбаев, Коргол Досуевдин Чыгыштагы эң уникалдуу 3 музейин негиздеп курдурууга, баштан-аяк жасалгалап, уюштурууга авторлошкон жана 125, 80, 110 жылдык мааракелерин жогорку деңгээлде татыктуу өткөрүүгө туңгуч демилгечи болгон.

Корголдун I томдук китебин жыйнап-тескеп, жарык көрүүсүн камсыз кылган.

Туркиянын Анкара шаарында басылган «Кыргыз Поэзия Антологиясына» жана Жорж Сорос каржылаган II томдугуна соңку лирикалары жарыяланган.

200ден ашык ар кыл публицистикалык макалалардын автору.

Бишкек шаарынын Арчабешик кичи конушунда жашайт жана ТОС -9 айыл комитетинде Аксакалдар Сот кызматын да аркалайт.

Аялы — Асаналиева Кулумкан Кушаевна — професионалдык лицейде иштейт. Уулу Сагын – сүрөтчү мугалим, Мирлан — спортсмен, кызы Чолпонайым № 55 мектепте 8-класста окуйт. Небереси Элнар.

1996-99-жылдары «Кыргыз руху», «Күлкү», «Сүйүү» редакциясында иштеп, 2001-2003-жылдары «Эл жакырчылыкка каршы», «Пайдубал» өкмөттүк эмес уюмдарды уюштуруп, миңдеген кыргыздарга жер участокторун алууга шарт түзгөн.
Азыркы кезде кезектеги «Автографтар 2 томдугуна» удаа эсселер, арноолор китебин чыгаруу менен фольклор, фольклордук экспедиция уюштуруп, новелла, адабий портреттер, бүгүнкү күндүн анык чын даректүү фактыларынын негизинде баяндарын жазып, журналисттик, коомдук башталыштар жана адабий калемгерлик менен узанууда. Анын көркөм адабий китептери Токтогул атындагы мамлекеттик, эл аралык Чынгыз Айтматов, Байдылда Сарногоев, «Гунель» сыйлыктарына көрсөтүлүп, зор кызыгууну жаратууда.

Чыгармалары:
  1. Бала мышык
     
  2. Күнөстүү элет
     
  3. Чырак
     
  4. Ханда жок байлык Манассия
     
  5. Герника
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз