Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн


«Ковчег» жаштар адабий тобу


«Ковчег» — адабий чыгармачылыкты өнүктүрүүгө салым кошуу максатында уюшулган Кыргызстандын жаш авторлорунун бирикмеси. «Ковчегти» түзүүчүлөр 2008-жылдын жай айында көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн эки жумалык «Дебют-2008» семинарында таанышкан (бул долбоор Ч.Айтматов фонду тарабынан уюштурулуп, жазуучулардын жайкы мектеби катары таанымал, анын семинарлары дээрлик 2008-жылга чейин өткөрүлүп келген).

Өз ара кеңешкен соң, 10-12 адамдан турган жаш акын-жазуучулардын тобу адабий чеберчилигин өнүктүрүүнү өз алдынча улантууну көздөп активдүү иш алып бара баштайт. 2008-жылдын 7-сентябры «Ковчегдин» туулган күнү болуп калган.

Ошол эле мезгилде жаш авторлор өз ара баарлашып, бири-бирине чыгармаларын окуп жана шыктарын өнүктүрүүсү үчүн адабий кечелерди уюштуруп туруу ою жаралган. Ошондой кечелердин биринде Кыргызстандын жаш авторлоруна тренинг өткөрүүнү чечишкен. Ал иш-чарада жаш акын-жазуучулар бири-бири менен таанышып, ал эми «Ковчегтегилер» Айтматов фондунун жайкы мектебинен алган билим-тажрыйбасы менен бөлүшмөк. Биринчи тренинг 2009-жылдын 20-21— августунда Бишкекте өттү.

Бүгүнкү күндө «Ковчег» демилгечилер тобу ачык бирикме. Ар бир каалаган жаш адабиятчы «Ковчегтин» катарына кошула алат. Байланыш дареги: kovcheg.kg@gmail.com

----------------------------------------------------------------

Топтун түзүлүшү жана курамы жөнүндө «...И КОВЧЕГ ПЛЫВЕТ» аттуу Элеонора Прояеванын макаласын окуңуздар

  1. Кыял ыргактарында (Зарина УРМАНБЕТОВА / Ырлар жыйнагы / Поэзия / «Ковчег» жаштар адабий тобу / Адабий конкурстар)
     
  2. Бишкек (Зарина УРМАНБЕТОВА / Ырлар / Поэзия / «Ковчег» жаштар адабий тобу / Адабий конкурстар)
     
  3. Бакыт (Зарина УРМАНБЕТОВА / Аңгеме / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / «Ковчег» жаштар адабий тобу / Адабий конкурстар)
     

Беттер: 1


Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз