Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 27 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Бекказы Сагалиевич ЭЛЕБЕСОВ

— Автор

Биографиялык маалымат:

Элебесов Бекказы Сагалиевич 1956 –жылдын 25 –мартында Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Дархан айылында туулган. 1963-жылы айылдагы он жылдык мектепке кирип, аны 1973-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы Түп районундагы айыл чарба техникумуна кирген. 1974-1976 жылдарда Советтик Аскердин катарында кызмат өтөгөн. Аскерден келгенден кийин 1976-жылы айыл-чарба техникумунда окуусун улантып, аны 1978-жылы аяктаган. Эмгек чыйырын Покровка айылындагы мөмө-жемиш совхозунда агрономдук кесипте эмгектенүү менен баштаган. 1980-1986 жылдарда борбор шаарыбыздагы айыл-чарба институтунда сырттан окуп, окумуштуу— агроном кесибине ээ болгон.

1998-жылга чейин өз кесиби боюнча райондун айыл чарба тармагында ар кандай кызматтарында иштеген. 1999-жылдан баштап өз алдынча “Ботокан” дыйкан-чарбасын уюштуруп, анын жетекчиси болуп иштеп келүүдө. 
Бекказы Элебесов кичинесинен эле адабий чыгармаларга кызыгып, райондук, областтык басма сөздөрдө ар кандай макалалары, ыр, аңгемелери жарык көргөн. Кийинки мезгилдерде ал автобиографиялык романын жазуунун үстүндө. Бул китеп автордун романынын биринчи китеби. Романдын калган бөлүктөрү басмага даярдалып чыгуунун алдында.

Күттү турмуш мейли сырың ачпагын,
Мен адаммын сырыңды ачам шашпагын.
Кудай мени чындап сүйүп жаратса, 
Акыр бир күн туу чокуңа чыгармын...

 

Байланышуу даректери:
тел: моб. +996 (773) 42-90-25

 

Чыгармалары:
  1. Турмуштан жаралган чоку
     
  2. Турмуш дастандары
     
  3. Келсеңчи
     
  4. Армандуу махабат
     
  5. Жамалбүбү
     
  6. Тагдыр
     
  7. Намыс
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз