Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Аваз ЖОКЕЙ

— Автор

Биографиялык маалымат:

Аваз Жокей (Жусупбеков Авазбек Жолдошбекович) 1952-жылы 5-февралда Кырк-Казык айылында Жокей Агайдын үй-бүлөсүндө туулган. Талас районундагы Кырк-Казык орто мектебин бүтүргөн соң Куйбышев (азыркы Орусиянын Самара шаары) шаарындагы электротехникалык байланыш институтуна тапшырып, 1975-жылы ийгиликтүү аяктаган. Фрунзе шаарында, Ысыката, Чүй жана Кемин райондорунда, Талас шаарында байланыш тармактарында катардагы инженерден баштап жетекчилик кызматтарга дейре эмгектенген.

Учурда «Кател» уюлдук компаниясында Талас облусу боюнча жооптуу кызматкер болуп иштейт.

1985-жылдан бери Республикалык жана облустук басма сөздөрдө ар кандай жанрдагы чыгармалары жарык көрүп келген. Айрыкча Республикалык «Чалкан» журналына жарык көргөн мыскылдуу чыгармаларын ушул убакка дейре чыгармачыл топтор сахнада колдонуп келүүдө. Ошондой эле республикалык, облустук теледен жана радиодон да берилип турган. Кыргызстандагы «Сорос – Кыргызстан» фонду жана Республикалык радиокомитет жарыялаган сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон. 1998-жылы “Куудул куржун” аттуу китеби жарык көргөн.
Үй-бүлөлүү. Бир уул, эки кыздын атасы, үч уулдун чоң атасы.

1991-жылдан бери Талас шаарынын тургуну.

Дареги:

Талас ш., Некрасов к., 149.

Моб. +996/ 517/ 700-339 
Тел. +996/ 3422/ 5-21-44 үй.

Электрондук почтасы: avaz-z@yandex.ru же avaz.j@mail.ru

Чыгармалары:
  1. Куудул куржун
     
  2. “Мэйдиң Индия!.. Мэйдиң Индия!..”
     
  3. “Тил – эң сонун закуске!”
     
  4. “Балээнын баары бамперде экен!”
     
  5. “Семиз кыз сатам, ким алат?”
     
  6. “Тамакты таттуу кылган туз менен пияз...”
     
  7. Саламдан пейил оңолот!
     
  8. Мен кантип аялымды асырап алдым?
     
  9. Асыл апа, Артист эже жана “Бони М”
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз