Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 1 сентябрь 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Улан ДУЙШЕНАЛЫ

— Автор

Багыты: Художественная проза, Фантастика, фэнтэзи; психоделика

Биографиялык маалымат:

Бул гомосапиенс өзгөчө вазийпасы менен 1972-жылдын 25-январында жашоо үчүн жарк жанган.

Жарк жанган жеринин координаттары: аты жок Ааламдын Саманчы Жолу Галактикасынын Күн системасынын жашыл Жер планетасынын түндүк кеңдигинде 400 жана чыгыш алыстыгында 710. Абдаан аң-сезимдүү жердик. Өзүнүн романтикалык кыялында Индияда, Якутияда, Енисейде жана Алтайда болуп алыскы балалыгында эле ой жүгүртө баштаган.

Фрунзе Суворовдук аскердик окуу жайынын жана Фрунзе аэроклубунун бүтүрүүчүсү. Харьков облусунун Волчанскидеги жана Самарадагы Окуу авициялык борборунда окуган. ЯК-52 жана реактивдүү Л-29 самолётунда учкучтук учуулары бар, парашютист. Бишкектеги № 98 КТОЖ радист-метеоролог кесиби боюнча бүтүргөн, 2-класстагы радист.  

2007-жылы Бишкек гуманитардык университетинин үзгүлтүксүз билим берүү институтун «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Бирлигинин алдындагы Ж.Мамытов атындагы адабий ийримдин мүчөсү болгон. 2002-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин мүчөсү болуп проза ийримин жетектеген. Учурда КРнын Улуттук жазуучулар Бирлигинин мүчөсү. «Фантастика» аталмасы боюнча «Москва адабий сыйлыгынын финалисти» Дипломунун ээси.

Орус жана кыргыз тилдеринде эркин жазат. Анын чыгармалары мезгилдүү басма сөздөрүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылып радиодон да берилген. Бир катар илимий эмгектердин автору ошондой эле «Пирамида топжылдызы» илимий-фантастикалык аңгемесинин мотиви боюнча жазылган жер титирөөдөн куткаруучу аппаратын ойлоп табуу боюнча макала жазган.

Студенттик жылдары мамлекеттик жана улуттук идеологиянын платформасын иштеп чыга баштап тийиштүү эксперттердин таанып билүүсүнө жетишкен. Илимий конференцияларга өзү иштеп чыккан идеологиясынын айрым бөлүмдөрүн алып чыгып грамоталарды жана дипломдорду жеңип алган. 2007-жылдын апрелинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде өткөн жаш окумуштуулардын «Илим жана билим берүү: проблемалар жана перспективалар» деген илимий конференциясында өлкөдө педагогиканын ролун көтөрүүнү, муунду жана бүтүндөй элди тарбиялоону көздөгөн Педагогикалык аң-сезим концепциясын окуп I орунду жеңип алган. Ошондой эле 2020-жылы КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өткөргөн «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» сынагына катышып биринчи орунду алган.

Бала кезинен эки максат менен жашап келет: 1) Космонавт болуу; 2) Чындык үчүн күрөшүү. Биринчи максатына жетпеди, экинчисин – Кыргызстандын тарыхы көрсөтөт.

Ал жазуучу-фантаст билингвист, идеолог, чынчыл жана акылман мамлекеттик ишмер, өзүндө мамлекеттик педагогдун образын камтып социалдык гуманизмдин нукура алып жүрүүчүсү болууну каалайт, анткени анын көз карашынын генетикалык негизин, 1979-жылы алыскы балалык кезинде калыптанып калган чындык идеалы түзөт.

Чүй облустук жарандык коргоо штабында, КРнын Мамлекеттик кадр кызматында, Чүй облустук мамлекеттик администрациясында, Чүй университетинде декан, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженер, айыл өкмөттөрүндө жооптуу катчы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору. Сүйүктүү кызы Алинанын атасы.

Электрондук почтасы: astron25[at]mail.ru

Чыгармалары:
  1. Вспышка интеллекта
     
  2. Жарк эткен интеллект
     
  3. Кибернетическое «чувство»
     
  4. Кибернетикалык сезим
     
  5. Созвездие пирамиды
     
  6. Пирамида топ жылдызы
     
  7. Вечное ожидание Елены
     
  8. Якутский женский электромонтаж
     
  9. Как я зажёг в небе звезду любви
     
  10. Новый год в «Голубом Иссык-Куле» или...
     
  11. Звёздный факел
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз