Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 27 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Чынтемир АСКАРОВ

— Автор

Багыты: Көркөм кара сөз, Поэзия

Биографиялык маалымат:

Акын жана жазуучу Чынтемир Аскаров 1940-жылдын 1-январында Кыргыз республикасынын Кара-Буура районундагы Сулу-Маймак айылында туулган.

Атасы Аскар дыйканчылыкта эмгектенип, апасы Дүйшөбүбү ооз комузда жакшы ойногон, ыр, күүгө жакын, учуру келе калганда эл алдында ырдап коюп жүргөн.

Акын жети жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги Индустриальный (ал убакта ушундай аталчу) техникумунан билим алып, (1956-1960 ж.ж.) техник-механик кесибине ээ болуп чыгат.

1961-жылы Чоң-Коргон орто мектебинде башталгыч класстар боюнча мугалим болуп эмгек жолун баштаган.

1964-1968— жылдары Кыргыз мамлекеттик университинин филологиялык факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.

1963-жылы Киров райндук “Октябрь таңы” газетасында, 1981-жылы Талас областтык “Ленин туусу” газеталарында кабарчы болуп иштеген.Ал көпчүлүк өмүрүн педагогикалык ишке жумшаган. 1969-жылдан баштап алгач Мадымаров, андан кийин Жийде сегиз жылдык мектептеринде завуч болуп иштеген.

1973-1998-жылдардын аралыгында Манас башталгыч мектебинин башчысы, мектеп толук эмес орто мектепке айлангандан кийин анын директору болуп иштеген. 1999-жылдан баштап пенсияда.

Акындын 1957-жылы “Айлыма”деген ыры “Ленинчил жаш” газетасына, 1958-жылы “Жаш Ленинчи” журналына “Жаңгыз түп алма” аңгемеси басылып чыккан.Ошондон баштап анын чыгармалары райондук, областык, республикалык газета, журналдарга басылып турган.

Анын жазган чыгармалары:

  • ”Эне бактысы” ырлар жыйнагы, 2000-жыл.
  • ”Сүйүү баяны” повесть, 2002-жыл.
  • ”Ата Журт” ырлар жыйнагы, 2004-жыл.
  • ”Белгисиз кыздын махабаты” повесть, 2004-жыл.
  • ”Атаман уурулардын тагдыры” повесть, 2008-жыл.
  • ”Айылдын сонун кечтери” ырлар жыйнагы, 2008-жыл.

Байланышуу даректери:

Тел: +996/ 777/ 58-82-52

Чыгармалары:
  1. Акын жүрөгү
     
  2. Айылдын сонун кечтери
     
  3. Махабат сыры
     
  4. Атаман уурулардын тагдыры
     
  5. Жибибес жүрөк
     
  6. Чаар тоок
     
  7. Бала кудурети
     
  8. Тору айгыр
     
  9. Кайдасың менин Бегимайым
     
  10. Тукайдын туңгуч махабаты
     
  11. Боксер
     
  12. Поезддеги баарлашуу
     
  13. Белгисиз кыздын махабаты
     
  14. Кечиккен ырлар
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз