Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Самат Кадырович КАДЫРОВ

— Автор

Багыты: Художественная проза, Поэзия, Драматургия, Научные публикации, Другая физика

Биографиялык маалымат:

Самат Кадыров 1932-жылы Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Чоктал айылында туулган. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин, 1957-жылы Москвадан аспирантураны бүтүрүп, кандидаттык диссертациясын жактаган.

1958-жылдан 1960-жылга 1993-чейин КМУнун улук окутуучусу, 1960-62-жылдары Ташкент ядролук физика институтунун улук илимий кызматкери, 1963-94-ж. В. Маяковский атн. Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика кафедрасынын башчысы, 1996 — 98-ж. ”Кыргыз Жер” университетинин физика теориясы жана философиясы лабораториясынын башчысы болуп иштеген. 1998-жылдан “Самат Кадыровдун илимий борборун” жетектеген.

1962-жылдан С. Кадыров табигый илимдердин проблемаларын түптамырынан бери изилдеген, ошол изилдөөлөрүнүн натыйжасында уңгу талаа теориясын ачкан. 1989-жылы москвалык көрүнүктүү окумуштуу-физиктердин сунушу боюнча “Илим” басмасынан Кадыровдун “Единая теория поля и вопросы космологии и элементарных частиц” аттуу монографиясы жарык көргөн. 1996-ж. “Анализ некоторых фундаментальных вопросов естествознания в свете теории единого поля” аттуу экинчи монографиясы чыккан. Бул монографиялардын маани-маңызы 1993-, 1994-, 1996-, 1998— жана 2000-жылдарда Санкт-Петербургда өткөн эл аралык илимий конференцияларда жана конгресстерде баяндалган.

1996-жылы Санкт-Петербургда өткөн илимий конференциянын катышуучулары Самат Кадыровдун илимий эмгектеринин учурдагы теоретикалык физиканын өнүгүшү үчүн мааниси тууралуу эл аралык илимий коомчулукка атайын кайрылуу кабыл алышкан. 1998-жылы Конгресс анын табигый илимдерди кризистен чыгарууга кошкон салымын белгилөө менен, Кадыровдун уңгу талаа теориясын кылымдын илимий ачылышы деп белгилеген.

2001-жылы “Кыргыз Жер” илимий-агартуу журналында орус жана англис тилинде жарыяланган “Всеобщая физическая теория поля (ВОФТЕП)” Кадыровдун көп жылдык илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы катары жарык көргөн...

Ал илимге чексиз берилген, принципиалдуу жана ак ниет адам болгон. Анын өмүр жолу прогресске кызмат кылуунун үлгүсү болуп калмакчы

Чыгармалары:
  1. Cыздаган жүрөк баяны
     
  2. Аманат
     
  3. Өкүм
     
  4. Кош күмбөз
     
  5. Менин энем ким?
     
  6. Тагдыр
     
  7. Ырлар
     
  8. Экинчи өмүр
     
  9. Жоголгон жылдыз
     
  10. Всеобщая физическая теория единого поля (ВОФТЕП)
     
  11. Планеты-гироскопы
     
  12. Резонансные частицы
     
  13. Теория единого поля
     
  14. Теория единого поля (доклад)
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз