Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.
Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).
Жазуучу жөнүндө
Кыргыз, орус, иңглис тилдеринде жазат
Чыгармачылыгынын багыты: кара сөз жана поэзия
Өмүр баяны: 1957-жылдын 19-апрелинде Кыргызстандын Токтогул шаарчасында туулган. 1980-жылы Ростов мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин Токтогул шаарчасында мугалим болуп иштеген. 1994-жылы Маскөөдөгү дипломатиялык академияны аяктаган. Андан кийин республикалык "Кыргыз руху", "Эл үнү" гезиттеринде жооптуу катчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Турусбек Мадылбай чыгармаларын мектепте окуп жүргөндөн эле жаза баштаган. Ошол кезде ал ырлар түрмөгү үчүн Эл аралык студенттер уюмунун сыйлыгын алган. 1985-жылы "Кыргызстан маданияты" гезити жарыялаган мыкты фантастикалык аңгемелердин конкурсунда баш байгени утуп алган. Мыкты макалалары үчүн бир нече улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси. 2006-жылкы Эл аралык "Русская премия" сыйлыгынын лауреаты.Чыккан китептери:
• "Дубал" (1990),• "Кетмен-Төбө", 3 том (2002-2007),• "Асыл адамга гүлчамбар" (2003),• "Келишчи эле мектепке ээрчишип..." (2004),• "Феникс" ("Күкүнүс") (2008) жана башка китептердин автору.Байланышуу даректери:
Электрондук почтасы: fenix_57[at]mail.ru