Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

— Член редколлегии

Биографиялык маалымат:

Сарманбетов Айдарбек Имангазиевич – КР Мамлекеттик университетин бүтүргөн, жазуучу, журналист, котормочу. Өкмөттүк, парламенттик, эл аралык, адабий гезит, журналдарда жетекчилик кызматтарда, КР Улуттук жазуучулар союзунда төрага орунбасары-жооптуу секретарь болуп иштеген. 31көркөм китептин автору.Түрк, кытай, татар тилдеринде китептери чыгып, чыгармалары түрк, кытай, орус, казак, азербайжан, татар, түркмөн, гагауз, балкар, уйгур ж.б. тилдерге которулган жана көптөгөн анталогияларында, гезит-журналдарында жарык көргөн. 100дөн ашуун чет элдик жана кыргыз акын-жазуучуларынын китептеринин редактору. Түркия, АКШ, Россия, Израиль, Азербайжан, Казакстан ж.б. мамлекеттеринин белгилүү авторлорунун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. “Капсалаң доор. Карга аке” тарыхий романы 2019-жылы КР Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн.

ТҮРКСОИ жана Евразия Жазуучулар бирлигинин эл аралык Махмуд Кашгари (2008, 2012), Казакстандын “Түбөлүк достук” (2009) адабий конкурстарынын жеңүүчүсү, Россиянын М.Лермонтов комитетинин“Керим Отаров”, “Кайсын Кулиев” (2017), Казакстандын Абай (2017) медалдарынын, Азербайжандын эл аралык М.Кашгари сыйлыгынын (2018) жана Кыргызстандын “Мурза Гапаров атындагы (2014) адабий, журналистика боюнча (“Манас – 1000” (1995), “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл”, “Кыдыр аке” 2013) ж.б. көптөгөн сыйлыктарынын ээси. ТүркСОИ эл аралык уюмунун (2014), КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын медалдары ж.б. менен сыйланган. Ысык-Көл (2013) жана Ак-Суу (2014) райондорунун, Ысык-Көл облусунун(2018) Ардактуу атуулу. КР маданиятынын мыкты кызматкери(2008).

КР Улуттук Жазуучулар жана Журналисттер союздарынын, Түркиянын “Авразия” жазуучулар бирлигинин (Түркия) мүчөсү.

Эл аралык коомдук Поэзия Академиясынын, Кавказдын Илим, билим, маданият жана бизнес коомдук академияларынын академиги. Учурда “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” журналынын баш редактору, Кыргызстандын Чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык коомдору союзунун басмасөз жетекчиси.

Байланышуу даректери:

Тел: +996 555-40-31-24

E-mail: jany.alatoo[@]gmail.com

Чыгармалары:

  • Кымча бел  
  • Жүкө балбан
  • Мекенсиз
  • Целитель c необычным даром (1-2 книга)
  • Таасири күчтүү табып (1-2-китеп)
  • Кыргыз болом! (азиз балдар үчүн)
  • Жанбүдөө (тандалмалар, повесттер жана аңгемелер)
  • Чыңгызхан. Кайткан каргыш
  • Капсалаң доор. Карга аке (тарыхий роман)
  • Синцзян жолдорунда (кытай тилинде) 
  • Айтматовдун изинде (түрк тилинде)
  • Малкиши. Азыркы маңкурт (түрк тилинде)
  • Святой холм (татар тилинде)

Котормолору:

  • Эки чынар (жыйнак: түрк, азербайжан, казак, орус жазуучулары)
  • Шакарим Кудайберди уулу: “Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы” (Казакстан)
  • Давид Маркиш: “Сагызганды өлтүргөн Кадам” (Израиль)
  • Тодур Занет: Күнүмдүк ыйык наныбыз (Гагаузия)
  • Талгат Кеңесбаев: Караңгы түндүн жылдызы (Казакстан)
  • Тузак (жыйнак: кабардин-балкар, казак акын-жазуучулары)
  • Каражорго-Акбозат: ( жыйнак: түрк, гагауз, азербайжан, татар акын-жазуучулары)
  • Кулер Тепуков: Ушакчы сагызган-Привередливая сорока (Тоолуу Алтай, алтай-кыргыз тилдеринде)
  • Ленар Шаех: Балбан бала/Амбал малай (Татарстан, татар-кыргыз тилдеринде)

Чыгармалары:
  1. Кыраан
     
  2. Мекенсиз
     
  3. Целитель c необычным даром
     
  4. Таасири күчтүү табып
     
  5. Дөбө
     
  6. Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш
     
  7. Ойтамчылар
     
  8. Кандуу шаршемби
     
  9. Катылган чындык
     
  10. Бакталаш
     
  11. Баатыр-Таш баяны
     
  12. Көл периси
     
  13. Аракетчил – ашуу ашат
     
  14. Малкиши
     
  15. Автобуста
     
  16. Айбанталаадагы адам
     
  17. Кайгылуу каган
     
  18. Намыс
     
  19. Тентимиш
     
  20. Целитель с необычным даром. Книга вторая
     
  21. Долой! Революция...
     
  22. Скотина
     
  23. Сетер
     
  24. Жаза же Азаптуу ашыглыктын эзелки ыры
     
  25. Дерево раздора
     
  26. Кыямат жолдору
     
  27. Чингисхан. Снятое проклятие
     
  28. Сагызганды өлтүргөн Кадам
     
  29. Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы
     
  30. Жанбүдѳѳ
     
  31. Капсалаң доор. Карга аке
     
  32. Скотиняка
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз