Загрузка...
Жүктөлүү...
[X]

ВНИМАНИЕ!

Материал является объектом авторского права и защищен Законом об авторских правах.

Его использование в коммерческих целях не разрешается без письменного согласия автора (издателя).

Я соглашаюсь / Я не соглашаюсь

Бишкекте 16 июль 2024,
кыргызча / орусча

Кыргызстандын жаңы адабияты

Новая литература Кыргызстана

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элесине арналат
Мекендеш калемгерлердин чыгармаларынан турган эң ири электрондук китепкана
Эгемендүүлүк мезгилинде жазылган чыгармалардан түзүлгөн

Кимиси ким


Казакбай АБДЫШЕВ

— Автор

Багыты: Художественная проза, Поэзия

Биографиялык маалымат:

Казакбай Абдышев 1939-жылы Казахстандын Мерки районунун бир айылында туулган. Ошол себептен Казакбай аталып калган. Атасы Абдыш молдо жана энеси Субайда таластын кушчу элинен. Экөө тең кыргыз. Ал үч жашка чыкканда энеси каза болуп, атасы меркилик казак кызына үйлөнүп, 1945-жылы алар тууган эл-журту Талас жергесине көчүп барышкан.

Талас районундагы Көк-Арык орто мектебин 1957-жылы мыкты баалар менен аяктап, тракторчулардын алты айлык курсун да жалаң «беш» деген баалар менен бүтүрөт. 1958-1960-жылдары өз айлында тракторчу болуп иштеп, жакшы иштегендиктен 1959-жылы айылдык Советке депутат болуп шайланат. 1960-1965-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтта окуп, автотранспорту боюнча инженер-механик деген наам алып чыгат. 1965-1990-жылдары (чейрек кылым) Кыргыз ССРинин автошоссежолдор министрлигинин тармагында механик, инженер-конструктор, министрликтин бөлүм башчысы, автобазанын начальниги, квалификацияны жогорулатуу курсунун деректири ж.б. кызматтарда эмгектенет. Министрликтин борбордук аппаратында иштеп жүргөндө, бир нече жыл коллегия мүчөсү болгон жана баштапкы партиялык уюмду башкарган.

Абдышев Казакбай : «Кудайды бийик сыйла, бирок өз уятыңдан корк» деген девиз менен жашап келет. Бала кезинен ар бир ишти так жана мөөнөтүндө аткарганга көнгөн, өтө жоопкерчиликтүү жана уяттуу адам. Министрликтин борбордук аппаратында иштеп жүргөнүндө кагаз-кугаз жазуу иштерин бүтүрүүдө, машинка басканды үйрөнүп, башкаларга үлгү болгон. Кезит жана журнал беттерине автотранспорт иштери туурасындагы көйгөйлүү макалалар, эмгектин алдыңкылары жөнүндө очерктерди үзбөй жазып турган.

Ушуга улантып эле ал көркөм адабий чыгармаларды жарата баштаган. 1978-1988-жылдар аралыгында аңгемелерден жана повесттерден турган төрт жыйнагын басмадан чыгарган жана ушул чыгармаларынанын негизинде 1988-жылы СССР жазуучулар союзуна мүчө болуп кабыл алынган. Ал азыр КРнын жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү, композиторлор жана сүрөтчүлөр союздарынын Ардактуу мүчөсү.

1990-жылдан тартып өзүнүн инженерлик кызматын биротоло таштап, көп багыттуу чыгармачылыкка бет алып, эмгектенип келатат. Ал кара сөзмөр жазуучу (прозаик), акын, журналист, комузчу, домбурачы, күүчү (комуз менен домбурада), мандолинада да ойнойт, обончу-композитор, ырчы-аткаруучу, график-сүрөтчү, фото-сүрөтчү, тамашөкөй, «Манас» эпосунан да үзүндү айтып жиберет.

Ыр, кара сөзү болуп, он китептин автору. Инсандарга он миң саптан ашык арноо ырларын жазып, 700дөн ашык бейне сүрөттөрүн (портреттерин) графика ыкмасында өз колу менен тартып чыккан. Комуз менен домбурада залкар күүлөрдөн чертет жана бул эки аспапта чыгарган өзүнүн да комуз жана домбура күүлөрү, өзүнүн ырларына чыгарган кыркка жакын обондору бар. Комуз-домбуранын коштоосунда өзү ырдайт. Артисттер да аткарып жүрүшөт. Сатиралык жана юмордук аңгемелерди да жазат. Эл чогулган жерде тамаша кептерден айтып, элдин көңүлүн ачат.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЧЫККАН КИТЕПТЕРИ

  1. Жаандуу түндө: Аңгемелер. – Мектеп,1978. – 60 б.
  2. Кум дөбөлөр: Повесттер, аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1980. — 200 б.
  3. Устат: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан,1986 — 128 б.
  4. Биздин бала чак: Повесттер, — Ф.:Адабият, 1989. – 152 б.
  5. Байдылда: Арноо ырлары. – Кант, 1993.
  6. Ала-Тоо айымдары: Арноо ырлары. – Б.:Кыргыз жазуучулар союзунун көркөм адабиятты жайылтуу бюросу, 1995. — 176 б.
  7. Автоунаа азаматтары: Арноо ырлары. – Б.,1997. – 352 б.
  8. Такалуу аттын изи бар, Таластан келген киши бар: Арноо ырлары. – Б.: Шам, 2000. – 488 б.
  9. Кылым инсандары: Арноо ырлары. – Б.: АК Кыргызполиграфкомбинат”, 2003. – 531 б.
  10. Казакбайдын “гареми”: Махабат ырлары. – Б.: АК “Учкун”, 2003. — 147 б.

Байланышуу даректери:

Тел. моб. +996 (555) 006-053

   Казакбай Абдышев

Чыгармалары:
  1. Мансап
     
  2. Кум дөбөлөр
     
  3. Салтанат
     
  4. Тракторчу
     
  5. Орус кызы Наташа
     
  6. Казак кызы Сара
     
  7. Кыргыз кызы Эсенбүбү
     
  8. Карала ат
     
  9. Эгиздер
     
  10. Мүштөк
     
  11. Бир байлам чыт жоолук
     
  12. Мугалим эже
     
  13. Орус аялы
     
  14. Атам жөнүндө
     
  15. Бензобак
     
  16. Ишеним
     
  17. Илээнди
     
  18. Убада
     
  19. Дейзи
     
  20. Аңгемелер
     
  21. Ыр дүйнө
     
  22. Ар кыл ырлар
     
  23. Арноо саптары
     
  24. Суроолор менен жазылган арноо ырлары
     
  25. Балдарга базарлык
     
  26. Айылыма кат
     
  27. Близнецы
     
  28. Свое поле
     

Көңүл буруңуздар! Калемгерлерди кызматташууга чакырабыз